12.11.2018 15:09

Бирөөнүн унаасын сатып жибергени үчүн мамлекеттер аралык издөө салынган жаран кармалды

Бирөөнүн унаасын сатып жибергени үчүн мамлекеттер аралык издөө салынган  жаран кармалды

Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 31 жаштагы тургуну Ж.И. Ал  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүндө (алдамчылык, ири көлөмдөгү зыянга учуратуу) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн тергөө
органдарынан качып жүргөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2014-жылы апрель айында жабырлануучунун баасы 419 миң сомдук 2003-жылы чыккан «Субару-Форестер» үлгүсүндөгү автоунаасын 2015-жылы февраль айында толук төлөп берем деп ижарага алган.

Андан соң, автоунаанын ээси менен макулдашпастан башка жак менен сүйлөшүп алып, ойдон чыгарылган жеке нотариус аркылуу өзүнүн атына жасалма башкы ишеним катын жасап алган. Ал эми автоунааны үчүнчү жакка сатып, акча каражатын болсо өзү ээлеп алып, жашырынып жүргөн.

Ушунун негизинде жабырлануучуга ири суммадагы зыян келтирген. Кармалган жаран абакка камалып, издөө салган тарап маалымдалды. Азыркы учурда 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык кармалган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.