05.04.2018 11:59

Бышкан тооктон сальмонеллёз бактериясы табылды. Уулануунун себеби

Бышкан тооктон сальмонеллёз бактериясы табылды. Уулануунун себеби

"Ала-Тоо" ресторанындагы жапырт уулануу эмнеден келип чыкканы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.  

Адамдар тай ыкмасында суюк камырга оонатып бышырылган тоок этинен ууланышкан. Андан сальмонеллёз бактериясы чыккан. Бул бактерия ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптардан алынган үлгүлөрдөн да табылган.

Сальмонелла даяр тамактан аныкталгандыктан, тамакты бышыруу технологиялары жана сактоо шарттары бузулганы тууралуу айтса болот. Чийки азыктардан бактерия табылган эмес. Бүгүн 5-апрелде  "Ала-Тоо" ресторанынын ашканасын дезинфекциялоо иштери журүүдө.

Учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиналык ооруканасында 94 адам дарыланып жатышат. Аймактардагы ооруканаларда 36 адам бар.