13.08.2018 18:04

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Азиз Суракматовго «мэр» күбөлүгүн берүү тапшырылды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Азиз Суракматовго «мэр» күбөлүгүн берүү тапшырылды

2018-жылдын 13-августунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти. Бул туурасында БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. 

Маалыматта: «2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоосуна Бишкек шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 44тү катышып, добуш берүүдө талапкер А.Э. Суракматовго 43 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш беришкен. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет. Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды», -деп жазылат.