30.10.2018 18:19

Бишкек бейтапканаларында электрондук кезекке туруу тутуму ишке киргизилет

Бишкек бейтапканаларында электрондук кезекке туруу тутуму ишке киргизилет

Саламаттыкты сактоо министрлиги Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна компьютер сатып алып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев мэрияда өткөн тегерек стол учурунда билдирди. 

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө эч ким дарыгердын кабыл алуусун кезекке туруп, күтпөй калган. Баары алдын-ала электрондук түрдө жазылып коюу менен ишке ашат. 

«Эмне үчүн тургундар сааттап кезекте туруш керек? Мен жакында эле Казакстанла болдум. Астана шаарынын тургундары электрондук кезек аркылуу каалаган дарыгерине жазылышат. Эмнеге биз муну жасай албайт экенбиз? Президент 5 жылдын ичинде электрондук саламаттыкты сактоону жайылтуу тапшырмасын койду», — деди министр. 

Ал ошондой эле, электрондук кезекти биринчи кезекте үлгү катары борбор шаардан баштоо керектигин билдирди.