Бишкек четинде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, бир адам мүрт кетти
Бишкектин четинде бүгүн, 25-июнда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, жыйынтыгында 1 адам каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт (айланма) унаа жолунун 6-чакырымында (Биримдик-Кут ж/к) болгон. Анда №01KG 051 H мамлекеттик номерлүү MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен №S21 76 NE мамлекеттик номерлүү Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 1 адам мерт кетип, 3 адам жаракат алган (аты-жөнү такталууда).
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: