09.07.2018 13:24

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу үчүн үйлөр түрттүрүлө баштады

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушу үчүн объекттер түрттүрүлө баштады. Трассаны кеңейтүү максатында жол боюнда жайгашкан турак-жай, дүкөн жана айрым аялдамалар алынып жатат. Маанилүу жолдун курулуш иштери былтыр башталган. Жүзгө жакын жол куруу техникалары тартылып, үч жүзгө чукул жумушчу тынымсыз иш алып барууда. Быйыл жалпы жолдун жарымына жетпеген тилкени оңдоо пландалууда.