08.04.2020 17:25

Бишкек коменданты жакынкы 2 жумада үйдө болууга чакырат

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жашоочуларды жакынкы 2 жума жана андан кийин да үйдө болууга чакырды. Бишкек шаарында бир суткада дагы 10 адамдан коронавирус аныкталганын эске салды.

«Учурда коронавирусту биринчи болуп жуктургандар менен байланышта болгон адамдарда инкубациялык мезгил аяктап жатат», - деди Алмазбек Орозалиев.

Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, илдетке кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти. Алардын ичинен 32 медицина кызматкерлери. Ал эми илдеттен 25 бейтап толук сакайып чыгып, эки адам каза тапкан.

Өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.