05.04.2018 10:30

Бишкек көчөлөрүнө 1 миңден ашык шамчырак илинди

Бишкек көчөлөрүнө 1 миңден ашык шамчырак илинди

«Бишкекжарык» ишканасынын маалыматына караганда, шаар көчөлөрүндө жана кичирайондордо сырткы жарыкты  жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө 1179 жарыкдиоддуу шамчырак орнотулду.  Алар: Дубосековская, Адырская, Набережная, Дзержинский, Сарычелек, Койбагаров, Бакаев (мурунку Чапаев), Некрасов, Т. Фрунзе, Псковская/Поваринская,  «Ак-Өргөө» жаңы конушундагы  жол, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанская, Славянская, Куликовская, Будённый, Салиева жана  Айтиев, Жумушчу,  Осмонкул, Лев Толстой,  Тыналиев көчөлөрүнө тагылды.

Эми ишкана №5, 6 жана 7 кичирайондорду жана Щербаков, Школьная жана  Турусбеков көчөлөрүнө 214 шам чырак илмекчи.