16.08.2018 18:00

Бишкек мектептеринин жаңы окуу жылга даярдыгы текшерилди

Бишкек мектептеринин жаңы окуу жылга даярдыгы текшерилди

Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева шаардагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билим берүү уюмдарынын 2018-2019 окуу жылга даярдыгын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына  калаа мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, укук коргоочу органдардан, ӨКМ жана санэпидстанциядан өкүлдөр кирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө вице-мэр № 4 мектеп-гимназияга, «Келечек» конушундагы №87 мектепке жана  «Дордойдогу» №94 мектепке барды.

Орто билим берүүчү мекемелердин коопсуздукту камсыздоо жаатындагы даярдыгы, материалдык-техникалык базасы, мугалимдер, окуу куралдары менен камсыздалышы текшерилди. 
  
Бүгүнкү күндө шаар мектептеринин долбоордук сыйымдуулугу 75 миң 975 адамды түзөт. Бирок, мектептердеги окуучулардын саны андан эки эсе көп. Былтыр окутуу уюмдарындагы балдардын саны 147 миң 160 экени такталган. Бул жылы «Ак-Ордо» конушунда 960 орунга эсептелген мектеп курулду. Калыбына келтирүү иштеринен кийин № 25 орто мектеп да ишин жандантат.