13.07.2018 14:12

Бишкек мэри Албек Ибраимов бүгүнкү окуяны саясий буюртма катары баалады

  Мэрге ишеним көрсөтпөө (5 материалов)
Бишкек мэри Албек Ибраимов бүгүнкү окуяны саясий буюртма  катары баалады

Бишкек шаарынын мэри бүгүнкү окуяны саясий буюртма катары баалайт. Бул туурасында Албек Ибраимов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.  Айтымында, Албек Ибраимов бул тууралуу кабарды кеч уккан. 10-июлда эмгек өргүүсүнө чыккан мэр 3 күндөн бери тоодо экенин айтты. 

«Тилекке каршы, Бишкек шаардык кеңеште болуп жаткан кырдаалды мен кеч уктум. 3 күндөн бери тоодо элем. Бул тууралуу жакын арада кайрылуу жасайм», -деп билдирди мэр. 

Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундарына кыйын кезеңдеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мэр Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлерине да кайрылып: «Мен сиздер менен чогуу иштегенге сыймыктанам. Шаарды өнүктүрүү боюнча бир топ ишти чогуу аткардык. Бул үчүн мен сиздерге ыраазымын. Мен ар дайым сиздер мененмин», -деди.