15.10.2018 16:03

Бишкек мэри маршрутка айдоочуларына: Акчаны коюп, алгач унааңардын абалын оңдогула

Бишкек мэри маршрутка айдоочуларына: Акчаны коюп, алгач унааңардын абалын оңдогула

Маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылышты, бирок шаар мэри Азиз Суракматов алардын айтканына көнгөн жок. Бул туурасында мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада жүргүнчү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү мэр менен жолугушкан. Анда жол кирени көтөрүү маселесин дагы бир сыйра козгошкон.

«Мэр аларга акчаны коё туруп, биринчи кезекте, автоунаалардын санитардык, техникалык акыбалын оңдоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, жолдо жүрүү эрежелерин бузбай, жүргүнчү менен мамиле куруу маданиятын көтөрүүнү сунуш кылды», -деп билдирет Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери жүргүнчү ташуучу фирмалар жол кирени кымбаттатууну талап кылып келишет. Апрель айында алар иш ташташып, 2 күн калаа тургундары транспорттон кыйналган. Бирок, ошол кездеги мэр Албек Ибраимов маршруттук такси айдоочуларынын талабына көнгөн эмес.