18.04.2018 18:08

Бишкек мэриясы дээрлик миллион сомго кол саат сатып алат

Бишкек мэриясы дээрлик миллион сомго кол саат сатып алат

Бишкек мэриясы алтындын буусуна карматылган кол сааттарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылган.

Бул жасалгаларды сатып алууга калаа мэриясы 950 миң сом коротот.  Бардыгы болуп, 100 даана кол саат сатылып алынат.  

Коюлган талаптар: Сааттардын боосу күрөң булгаарыдан даярдалып, бекиткичи алтындын буусуна карматылган болуш керек. Циферблатта Бишкек шаарынын эмблемасы болушу, сааттын корпусу дат баспаган, бышык, гипоаллергендүү металлдан жасалышы шарт.