04.10.2018 17:09

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 60 жаңы автобус сатып алат

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 60 жаңы автобус сатып алат

Бишкек мэриясы жылдын аягына чейин көгүлтүр отун менен иштеген 60 жаңы автобус сатып алууну пландоодо. Бул максатта бюджеттен 382,5 миллион сом бөлүндү, деп билдирген шаар башчысы Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетова журналисттерге. 

Маалыматына ылайык, жакынкы күндөрдө автобустарды сатып алууга тендер жарыяланат. Ар бир автобустун болжолдуу баасы 110-140 миң доллардан.

Азыркы тапта Бишкек тургундарын 2 миң 300 маршруттук такси, 110 троллейбус жана 120 автобус тейлейт. Шаар боюнча бустарды алмаштыруу үчүн 400 троллейбус жана 1 миң автобус керек.  Азиз Суракматов  мэрликке талапкерлигин коюп жатканда эле аларды сатып келерин убадалаган.