24.04.2018 18:13

Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жакынкы күндөрү газ берүү убактылуу токтотулат

«Газпром Кыргызстан» ишканасы жакынкы күндөрү Ош, Токмок жана Бишкек шаарларынын айрым аймактарында көгүлтүр отун өчүрүлөөрүн кабарлайт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу деп айтылат билдирүүдө. 

— 25-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарында Маминов жана Агропром көчөлөрүндө;

— 26-апрелде саат 8:00дөн 17:00гө чейин Токмок шаарында Трясин көчөсүндө;

— 26-апрелден 27-апрелге чейин Бишкек шаарында Коммунаров, Фучик, Жибек-Жолу көчөлөрүндө жаратылыш газы жок болот.