13.07.2018 10:35, Аман Бакиров

Бишкек шаар кеңешинде Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселеси добушка коюлганы турат

Бишкек шаар кеңешинде  Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселеси  добушка  коюлганы турат

Бишкек  шаардык кеңешинин бүгүнкү кезексиз сессиясында мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралмай болду. Бул сунушту жыйынга келген 39 депутат бир добуштан колдоп беришти. Кечээ шаар кеңешинин депутаттары калаада түзүлгөн кырдаал боюнча чукул жыйын чакырып атышканы белгилүү болгон. Бир нече депутат бул жыйын шаар мэрин кызматтан алып түшүү ниетинде чакырылып жатканын ачык эле айтып чыгышкан.

Шаар мэри Албек Ибраимов болсо, 10-июль күнү отпускага кеткени маалым. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары болсо, учурда  шаарда  мектептердин ремонт  иштери, күз-кыш мезгилине даярдык,  биринчи вице-мэрдин жана бир нече кызматтык адамдардын камалышы  сыяктуу көп көйгөйлөр турса, мэрдин эс алууга чыгып кеткенине нааразычылык билдиришкен. Ошондой эле, депутаттарга мэрдин аларга айтпай-дебей эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени да  жакпай калган.   

Бүгүнкү шашылыш жыйынга шаардык кеңештин 45 депутатынын 39у келди. Мэрди кызматтан алып түшүүнү талкуулабай туруп эле добушка коюуну “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынан шайланган депутат Рыспай Аматов сунуштады. Көпчүлүк буга бир добуштан макул болушту. Мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө жашыруун добуш берүү үчүн протоколду бекитүүгө он беш мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү бир-эки депутат эмес, бардык фракциялардын лидерлери көтөрүп, 12-июлда төрагага кайрылуу жолдошконун эскертип кетти.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бакыт Дүйшембиев  журналисттердин «шаар кеңеш депутаттары мэрдин отпускага кеткени тууралуу  кабардар болушу керек беле?» деген суроосуна так жооп бере алган жок. Анын айтымында, ЖМКларда мэр эмгек өргүүсүндө экени айтылып жаткандан кийин, депутаттар угушу керек эле.