08.08.2018 09:46

Бишкек шаардык кеңешинде шаар мэрин шайлоо башталды

Бишкек шаардык кеңешинде шаар мэрин шайлоо башталды

Бишкек шаардык кеңешинде бүгүн шаар мэрин шайлоо өтөт. Иш-чара 9:44тө башталды. Бул туурасында  April.kg кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Мэрликке жалгыз талапкер бар, ал- Азис Суракматов. 

Ал эми имараттын сыртында шаар мэрин жабык шайлоого жана Суракматовдун талапкерлигине каршы болгон жарандык активисттердин митинги өтүүдө. Алар депутаттарды таратып, шаар башчысын шайлоо укугун элге өткөрүп берүүнү талап кылып жатышат. 

Эскерте кетсек, 13-июлда шаар кеңеш депутаттары Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. 19-июль күнү премьер-министр мэрди кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ошол эле күнү УКМК Албек Ибраимовду бир нече кылмыш иштерге шектүү катары камакка алган.