12.07.2018 14:37

БШКнын маалымат кызматы кезексиз сессияда мэрдин иши каралаарынан кабары жок

  Мэрге ишеним көрсөтпөө (5 материалов)
БШКнын маалымат кызматы кезексиз сессияда мэрдин иши каралаарынан кабары жок

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 13-июлда кезексиз сессияга чогулат. Чогулуунун себеби «Бишкек шаарында  түзүлгөн акыркы кырдаалды талкуулоо» деп  айтылууда.

Шаарда кандай кырдаал түзүлгөнүн жана  шашылыш жыйындын себебин билүү максатында April.kg БШКнын маалымат катчысы Чынара Усупбаевага кайрылды.

«Бул кезексиз сессия болуп жатпайбы.  Андыктан, анда эмне маселе каралаары эртең чечилет. Эгер кезектеги сессия болгондо, анын күн тартибинде эмне маселе каралаары алдын-ала бекитилмек», - деп билдирди маалымат катчы.

«Бишкекте түзүлгөн кырдаал» деген сөз менен эмнени кыйытып жатышканы  тууралуу суроого  Чинара Усупбаева: «Көп нерсени. Акыркы окуяларды эле алсак- кылмыш иштердин козголушун талкуулоо, кээ бир бөлүмдөрдүн өз ишин сапатсыз аткарышы», -деп жооп берди.

Кезексиз сессиянын жүрушүндө Албек Ибраимовдун иши талкууланабы деген кийинки суроого Бишкек шаардык кеңештин катчысы:  «Мындай суроолорго  комментарий берүү укугум жок. Бардыгы сессия учурунда билинет. Эгер кошумча маалыматка ээ болсом, кабарлап коем. Эртең саат 9:00дө журналисттерди күтөбүз», -деген жооп болду.

Кошумчалай кетсек, социалдык түйүндөрдө шаардык кеңеш депутаттары мэрди кызматынан алуу үчүн чогулуп жатышат деген кептер тароодо.

Калаа мэри Албек Ибраимов 10-июлдан тартып, эмгек өргүүсүндө.