19.09.2018 15:12

Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарады

Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарады

Курамына КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы ыдырады. Бул туурасында кабарчыларга КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев билдирди.

Ал мындай чечим бүгүн кабыл алынганын жана азырынча коалициянын тарап кетүүсүнө эмне себеп болгонун айта албай турганын билдирди. 

«Биз эртең кезексиз жыйынга чогулабыз, ошондо баары айтылат», - деди шаардык кеңештин депутаты.