18.06.2018 11:33

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду тергөө бүткүчө камакта калтыруу туурасындагы Биринчи май райсотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бүгүн  соттук отурумда Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочусунун кассациялык арызы каралды. 

Адис Момуналиев төрагалык кылган отурумга экс-мэрдин туугандары жана санаалаштары эч бөгөөтсүз кире алышты.

Өз сөзүндө Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев Биринчи май райсоту өкүмдү Баш  мыйзамды бузуу менен кабыл алганын билдирди. 

«Конституцияда эч ким соттун чечими менен гана кармалып, камакта кала албайт деп жазылган. Биринчи май райондук соту өз токтому менен бул беренени одоно бузду», – деди жактоочу. 

Эскерте кетсек, экс-мэр Кулматов 5-июнда "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 28-июнга дейре камакта калган.