10.10.2018 11:30

Бишкек шаардык соту Кулматов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Кулматов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Акыркы отурумга катышууга Кулматов келбей койду. Бир четинен аныкы да туура. Анткени, анда соттордун акыйкаттуулугуна ишеним калган жок. Кандай чечим чыгараары ансыз деле белгилүү экенин айтып, отурумга катышкысы келбей турганын айтса да, соттор отурумду улантып, күткөндөй эле анын камакта калуу мөөнөтү боюнча чечимди күчүндө калтырышты»,- деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан.

Бул чечим менен макул болбогон жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арызданган. 

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы, мурунку Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов 5-июндан бери камакта.

21-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы мурунку бажы кызматынын төрагасына  303-берененин 1-пунктуна ылайык, "Коррупция" фактысы боюнча айып таккан. Кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, мүлкү  камакка алынган.

Кулматовго  Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып  тагылууда.  Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.

Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган», - деп айыпталган.  

Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.