11.09.2018 12:13

Бишкек шаардык соту Кулматовду камакта кармоону туура көрдү

Бишкек шаардык соту Кулматовду камакта кармоону туура көрдү

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-сентябрда Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи май райсотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы Аскар Насипкулов билдирди.

Сот отуруму жабык өтүп, Кубанычбек Кулматовдун аялы, жакындары киргизилген жок. 

Эскерте кетсек, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тергөөнүн  Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчү каралып, мурунку шаар башчысын дагы бир ай, 28-сентябрга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган. Буга нааразы болгон Кулматовдун жактоочусу арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрылган.