11.09.2018 11:31
Бишкек шаардык соту Кулматовдун жакындарын отурумга киргизбей койду
Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-сентябрда Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи май райсотунун өкүмүнө каршы жактоочунун доо арызын карап жатат. Бул тууралуу April.kg порталына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Учурда сот отуруму жабык өтүп, Кубанычбек Кулматовдун аялы, жакындары киргизилген жок.
Эскерте кетсек, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тергөөнүн Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчү каралып, мурунку шаар башчысын дагы бир ай, 28-сентябрга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган. Буга нааразы болгон Кулматовдун тарапташтары соттон акыйкаттыкты талап кылышууда.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: