30.10.2018 17:47
Бишкек шаардык сотунда Илмияновдун баш коргоо чарасынын мыйзамдуулугу каралат
© КР Президентинин маалымат кызматы
Бишкек шаардык соту эртең, 31-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу April.kg порталына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 16:00дө өтөт.
Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага «пара алган» деген айып тагылып жатат. 20-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын Тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бул чечим менен макул болбогон жактоочу жогорку инстанцияга арызданган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: