18.06.2018 09:00

Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат

Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат

Бишкек шаардык соту бүгүн Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карайт. Бул туурасында  анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Биринчи май райсотунун токтомун кайра карап чыгууну өтүнгөн кассациялык арыз калаа сотуна 7-июнда жолдонгон. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 5-июнда "Коррупция" беренеси менен шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовду УКМКнын тергөө абагына 28-июнга чейин камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.

Кулматовго  Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.  Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.