15.10.2018 11:19

Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун кайын-журтунун батирге байланыштуу доо арызы каралат

Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун кайын-журтунун батирге байланыштуу доо арызы каралат

Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун жакындарынын батирин баалоого каршы доо арыз каралат. Бул туурасында Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактарга жазып чыкты. 

Анын айтымында, эртең, 16-октябрда саат 9:00дө Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун кайын-журтунун Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы берген доо арызы каралат.

«Буга чейин УКМК Сапар Исаковдун жубайынын ата-энесине таандык, бирок азыркы тапта жубайы 4 жаш баласы менен жашап жаткан батирди конфискация кылууга камданып жатканы тууралуу билдирдик эле. Анда УКМК муну мойнуна албай койгон. Анда эмне үчүн сот батирди баалап чыгуу максатында кароо жүргүзүүгө санкция берди? Бул суроого эртең, 16-октябрда Бишкек шаардык сотунда жооп алууга аракет кылабыз. Саат 9:00дө шаардык сот кыймылсыз мүлк ээлеринин Биринчи Май райондук сотунун батирге басып кирүүгө уруксаат берген өкүмүнө каршы доо арызы каралат», -дейт жактоочу. 

Эскерте кетсек, буга чейин Нурбек Токтакунов УКМК Сапар Исаковдун «жеген» акчаларынын изин таппай, айласы кеткенде анын кайын-журтунун үй-мүлкүн текшерип, мамлекеттин эсебине алып коймой болушканын жазып чыккан. Бирок, УКМК муну төгүндөгөн.