23.08.2018 08:30

Бишкек шаары жана башка облустардагы жарык өчө турган көчөлөр. Тизме

Бишкек шаары жана башка облустардагы жарык өчө турган көчөлөр. Тизме

Бүгүн, 23-августта Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу тиешелүү ишканалар билдиришти. 

Бишкек шаарында жарык өчө турган аймактар:

09:30-19:00 - Чүй облустук төрөт үйү;

09:30-17:00 -  Көк-Жар конушу ( Көк-Жар, Куланак, Арстанбап, Көк-Жайык, Керемет, Шапак, Шоокум көчөлөрү), Жумабек, Гоголь, Фрунзе, Жибек-Жолу көчөлөрү, Бөкөнбаев көчөсү, 245 үй; 

09:00-18:00 - Гоголь көчөсү, 127-үй;  

09:30-17:00 - Жеңиш көчөсү, Кара-Балта, Азовский, Коммунаров, Уральский, Альпийский көчөлөрү;

9:30-18:00-  Арча-Бешик конушу ( Чоң-Арык, Ынтымак, Садырбаев, Ак-Таң, Аксы көчөлөрү).

Чүй облусунда:

9:00-17:00- Октябрь айылы (2-бөлүм, Пушкина, Калинин, Гагарин, Куйбышев көчөлөрү), Кара-Жыгач айылы (Пушкин, Садовая көчөлөрү), Көк-Жар айылы ( Коңур Осмон, Мадиев, Октябрьская, Новостройка), Ылдыйкы Ала-Арча ( Киргизская, Логвиненко, Логвиненко, Колхозный чолок көчөлөрү), Аламүдүн ( Молодежная, Гоголь көчөлөрү), Карл Маркс ( Крылов, Герцен, Школьная көчөлөрү), Сокулук айылы (Торговая, Урожайная, Индустриальная, Заречная, Новая көчөлөрү), Манас айылы (Школьная көчөсү), Военно-Антоновка айылы ( Ала-Арча, Пушкин, Фрунзе, Пионерская көчөсү), Кызыл-Туу  айылы (Заречная, Проектируемая, Свечников, Билалы, Абакир, Жыламыш көчөлөрү); Темен-Суу, Мураке, Чон-Арык, Кепер-Арык, Бала-Айылчы, Ак-Башат айылдары;  Петровка (Заводская, Больничная), Спартак (кашарлар), Садовое ( МТС, Степная, Кузнечная, Звездная, Урожайная, Советская көчөлөрү); Ак-Суу айылы (Есенин айылы); Беловодский (Украинский, Крупская көчөлөрү); Кош-Коргон айылы, Кара-Дөбө, Искра, Восточное, карьер. 

06:00-17:00 - Сары-Булак, Бекитай, Моңолдор, Кайырма, Сосновка, Кызыл-Дыйкан, Бөксө- Жол айылдары, Суусамыр өрөөнү; 

08:30-17:00 - Кара-Балта шаары ( Жданов, Железнодорожная, Свердлов көчөлөрү), Кант шаары (Московская, Парковая, Октябрдын 50 жылдыгы, Октябрдын 60 жылдыгы); Хунчи айылы (клуб), Киров айылы (Авизов көчөсү). 

Ысык-Көл облусунда:

07:00-17:00  Ак-Шыйрак, Эңилчек айылдарында;

09:00-16:00 Кызыл-Суу айылында;

13:00-20:00 Семеновка, Григорьевка айылдары, Кырчын капчыгайында. 

Ош облусунда:

8:00-17:00- Кадамжай районунун Халмион, Алга, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак, Советская айылдарында.