03.07.2018 20:08

Бишкек шаарында аба тазалаган «автоунаа» пайда болду

Бишкек шаарында  аба тазалаган  «автоунаа» пайда болду

Борбордогу Чыгыш автобекетинин алдында өзгөчө «автоунаа» пайда болду. Ал абаны булгаган башка унаалардан айырмаланып, аны тазалап, ал гана турсун шаарга көрк берет. Бул  маалымат менен «Бишкекжашылчарба» ишканасы Фейсбуктагы баракчасында бөлүштү. Өткөн дем алыш күндөрү ишкананын дизайнерлери менен агрономдору Жибек Жолу көчөсүндө турган  «Жигули» үлгүсүндөгү эски унааны гүлдөр менен кооздоп чыгууну чечишкен. Ан үчүн сальвия, катарантус, түрк гвоздикасы, таггетис, петуния, очиток, агава жана башка гүл түрлөрү колдонулган.