06.08.2018 09:30

Бишкек шаарында, Луговое жана Ленин айылдарында 6-9-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарында, Луговое жана Ленин айылдарында 6-9-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарында жана  Чүйдүн айрым айылдарында 6-9-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти. 

Маалыматта, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы айтылат: 

- 7-8-августта Бишкек шаарынын Ж.Жолу, Үсөнбаев, Мичурин, Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- 6-9-августта Ленинское айылынын Алма-Ата, Коммунарская, Набережная, Восточная, Виноградная көчөлөрүндө;

- 6-9-августта Луговое айылынын Садовая, Трансформаторная, Садыгалиев, Алма-Ата, Аламүдүн, Северная, Малая ГЭС көчөлөрүндө.

Ишкана оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирет.