16.08.2018 17:13

Бишкек шаарында Токтоналиев көчөсү ремонт иштерине жабылат

Бишкек шаарында Токтоналиев көчөсү ремонт иштерине жабылат

Бишкек шаарында Токтоналиев көчөсү ремонт иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-августта Токтоналиев көчөсүнүн Ахунбаевден Масалиевге чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Калыбына келтирүү иштери анын үстүнкү бөлүгүндө жүрөт.

Айдоочулар үчүн айланып өтүүчү альтернативдүү жол болуп Айтматов проспектиси саналат. Аталган райондо жашаган шаар тургундары Ахунбаев көчөсү аркылуу кире алышат. Жолду оңдоо иштери 17-октябрда жыйынтыкталат.