27.06.2018 14:06

Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автомашиналарга байланыштуу

Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автомашиналарга байланыштуу

Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автомашиналарга байланыштуу. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов  Жогорку Кеӊеште экология менен абанын тазалыгын коргоого багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатканда билдирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Депутат Бактыбек Турусбеков ордо калаанын айланасында ЖЭБ, көптөгөн өнөр жай объектилери, калктуу конуштар жайгашканын эске салып, абанын булгануусунун негизги себептерине кызыкты.

Ага жооп катары агенттик башчысы: «2013-жылы жылытуучу мештерге электр чыпкаларын орнотуу максатында 13 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Ошондон улам, алардан уулуу заттардын чыгуусу 40 миӊ тоннадан 19 миӊ тоннага чейин азайды. Андан тышкары, жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автомашиналарга байланыштуу болуп жатканы белгилүү болду», - деп билдирди.