10.08.2018 08:30

Бишкек шаарындагы жарык убактылуу өчө турган көчөлөр. Тизме

Бишкек шаарындагы жарык убактылуу өчө турган көчөлөр. Тизме

Бишкекте бүгүн, 10-августта бир топ көчөлөрдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында  «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өчүрүү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. Жарык төмөнкү аймактарда өчөт:  

9:00-12:00 - Совмин дачаларында;

10:00-13:00 - Мамлекеттик резиденцияда; 

9:00-18:00- Алтын-Ордо конушунда, 12-кичирайонунда (жаңы көп кабаттуу үйдө), Арча-Бешик конушу (Жаңылык, Мыскал, Ак-Марал, Термечиков көчөлөрү), Кожобергенов, Жеңиштин 50 жылдыгы, Береговая, Соликамская, Түлөбердиев, Васильев көчөлөрү, Тихвинский, Измайловский чолок көчөлөрү;

9:30-17:00- Элебесов, Бакинский, Коллективный, Фирсов көчөлөрүндө, Жумгал , Чаткал, Равенский, Станиславский чолок көчөлөрүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №95 үй.