Бишкек шаарынын башчысы болуп Азиз Суракматов шайланды
Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. Жалгыз талапкерге шайлоого катышкан 44 депутаттын 43ү «макул», бирөө «каршы» добуш берди.
Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Чүй облусунда туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз курулуш-архитектура институтун, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган.
Эмгек жолу:
1994-1995 — "Шоола" ААКта өндүрүш мастери;
1995-1996 — "КР Керек-жарак коому союздарынын" өндүрүш мастери;
1996-1999 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи;
1999- 2000 — "Консалтинг-адистик фирмасы" ЖЧКсынын директору;
2002-2008 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынынын башкы архитекторунун орун басары;
2000-2002 — Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис;
2008-2010 — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
2008-2008 — Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
2010 — Жогорку Кеңештин депутаты;
2012 — КР Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөсү;
КРдин муниципалдык кызматынын II класстагы кеңешчиси.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: