28.08.2018 16:30

Бишкек шаарынын мэриясы шаар көйгөйлөрүнүн картасын иштеп чыгат

Бишкек шаарынын мэриясы шаар көйгөйлөрүнүн картасын иштеп чыгат

Бишкек шаарынын мэриясы шаар көйгөйлөрүнүн картасын иштеп чыгат. Бул туурасында бүгүн, 28-августта мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жарандык активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мэрия бул багытта иш жүргүзүп, жарандар менен иштешүүгө даяр. «Ар бир көчөнүн ар башка көйгөйү бар. Бирөөнө суу керек болсо, бирөөнүн багын кыйыш керек. Дагы биринде жол көйгөйү жаралган. Андыктан, жакында мэриянын кызматкерлери ар бир райондун акимдери, МТУ адистери менен биргеликте шаарды кыдырып, тургундардын көйгөйлөрүн угуп чыгабыз. Мына ошондо, Бишкек шаарынын көйгөйлөрүнүн картасы чыгат. Ошол картанын негизинде проблемаларды чечип баштайбыз», -деди аппарат жетекчи.

Ошондой эле, шаар көчөлөрүндөгү мамыларга, аялдама, бак-дарактарга башаламан жарыя илгендер үчүн чара иштелип чыгаарын айтты.«Жарыялардын астында көрсөтүлгөн телефон номерлерди блокко салып салабыз. Же болбосо, аларды аныктап, айып пулга жыгабыз. Шаарды булгагандар үчүн чара көрүлөт», -деп билдирди Балбак Түлөбаев. 

«Биз бийликке уурдаганы келген жокпуз, шаарды өнүктүрүү үчүн келдик», -деген мэриянын аппарат жетекчиси жарандык активисттерден жаңы мэрдин командасына мүмкүнчүлүк берип, ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү токтото турууну суранды.