15.03.2018 15:56

Бишкек шаардык мэриясынын Ноорузга карата майрамдык программасы

Бишкек шаардык  мэриясынын Ноорузга  карата  майрамдык программасы

Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү иш-чарасынын планына жараша, шаардык муниципалитет тарабынан борбордук «Ала-Тоо» аянтын жасалгалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын сайтында кабарланат.

«Илбирс» имаратын дагы майрамга карата жасалгалашат.  «Ала-Тоо» аянтынын оргумалар бар бөлүгү жана Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин жарык диоддуу композиция менен кооздолот. Борбордук көчөлөрдө  куттуктоо сөздөрү менен 10 жарнак жайгаштырылат.

21- мартта саат 10:00до Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында Кыргызстан элдер ассамблеясы көргөзмө жана концерт уюштурат.  Анда Кыргызстанда жашаган ар улуттун чыгармачыл топтору өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Ошондой эле, дал ушул сааттарда Тышкы иштер министрлиги  Курманжан Датканын эстелигинин жанында кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт.

Салтка айлангандай,  11:00дон 14:00го чейин «Ала-Тоо»  аянтында Бишкек мэриясы тарабынан даярдалган майрамдык концерт өтөт.