17.07.2018 15:10

Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков илимий даражасынан баш тартты

Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков илимий даражасынан баш тартты

Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков илимий даражасынан баш тартты. Эми ал жаңы диссертация жазып чыгат. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» басылмасына Исаков өзү билдирди.  

Маалыматка караганда, вице-мэр мурунку диссертациясынын көп бөлүгүн  бирөөдөн көчүрүп алганы ЖМКларга жарыяланып кеткенден кийин илимий даражасынан баш тартууну чечкен. 

«Аны 2010-жылдары жазгам. Ал учурда шарт башкача эле. Эгер башка диссертацияларды текшерип, меники менен салыштырып көрсөк, меникинен да жамандар бар экени ачыкталат. Бирок, мен өзүм үчүн чечим кабыл алдым. Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК)  илимий даражамды алып салуу өтүнүчүн жолдодум. Эми илимий жетекчим экөөбүз бардык талаптарга жооп берген жаңы ишти даярдап чыгабыз», - деп билдирди вице-мэр. 

Аткаминер учурда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча жумушчу топтун курамында иштеп жаткандыктан, кийинки илимий иши ушул теманын айланасында болушу мүмкүндүгүн кыйытты. Ал ошондой эле ЖАК төрагасы Бакыт Тыналиева анын чечимин колдогонун кошумчалады. 

Эскерте кетсек, июлдун башында орусиялык  «Диссернет» коомчулугу Эркин Исаковдун 181 беттен турган илимий эмгегинин 140 бети Дагестандын мурунку башчысы Магомедсалам Магомедов менен Самара мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусу Марина Гаранинанын эмгектеринен көчүрүлүп алынганын жарыялаган.