17.08.2018 11:09

Бишкек ШИИББ: Айт намаз күнү айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

Бишкек ШИИББ: Айт намаз күнү айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

21-августта өтүүчү айт намазга байланыштуу борбордук жана эски аянтта, шаардын бардык мечиттеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого  2 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти. 

Бул күнү эски аянттын айланасында төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:

• Фрунзе көчөсүндө ( Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин),
• Абдымомунов көчөсүндө (Панфиловдон Тыныстановго чейин),
• Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүндө ( Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин).

Бишкек шаардык ИИББ шаар тургундарына айт намаз боло турган жерге ири жана көлөмдүү буюмдарды, саюучу-кесүүчү шаймандарды, күйүүчү жана жарылуучу заттарды, куралдын бардык түрлөрүн, салют жана фейерверктерди алып келүүгө болбой турганын эскертет. Тыюу салынган предметтер табылган учурда милиция кызматкерлери тарабынан алынып коюлат. 

Айдоочуларга жүрүү каттамын алдын ала пландап алуу жана унаа токтотууда транспорт кыймылына тоскоол болбогондой жерди тандоо сунушталат.

Эгер шектүү буюм көрүп калсаңыз тийбей, «102» номерине чалыңыз. Шаардык милиция калаа тургундарынан көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.