03.06.2019 12:31

Бишкек тургундарына ысык суу 4-июндан тартып бериле баштайт

Бишкек тургундарына ысык суу 4-июндан тартып бериле баштайт

Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө ысык суу 4-июндан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ысык суу пландалгандан 2 күнгө эрте берилет. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Ысык сууну толугу менен берүүгө 3 күн убакыт кетет. Алгач суу бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ысык суу берилерде аристон сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат. Кошумча суроолор болсо, төмөнкү телефондорго чалсаңыз болот.

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 0312 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58.

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.