09.04.2019 12:50

Бишкек тургуну Д.Садырбаев көчөсүндөгү абалга нааразычылыгын билдирди

Бишкек тургуну  Д.Садырбаев көчөсүндөгү абалга нааразычылыгын билдирди

Бишкекте Д.Садырбаев көчөсүндө тротуардын жоктугу жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө кооптуулук жаратууда. Бул туурасында April.kg порталына шаар тургуну билдирди. 

Анын айтымында, аталган көчө 2018-жылы жайы бою Түштүк магистралдан баштап Чоң-Арыкка чейин капиталдык ремонтко жабылып турган. Акыры бүтүп, жолду ачканда жаңы асфальт төшөлгөн менен,  жолдун эки тарабында тең тротуар жок экенине күбө болушкан.

«Эмне үчүн? Болбосо, Бах көчөсү аябай кенен, керек болсо буга 4 катарлуу авто жол салса болот. Элдердин жер тилкелери жолдон аябай алыс. Бирок тилекке каршы огород кылып тосуп алышкан, кээ бирлери дүкөн, кафе ж.б. салып алышкан. Элдер, окуучулар, ушул сүрөттөгү бала жетелеген элдер асфальттын жээги менен басып атышат айла жок. Буларды машина сүзүп кетсе ким жооп берет? Качан бир сапаттуу, акыл калчап иштегенди үйрөнөбүз?», -дейт нааразы шаар тургуну.