14.09.2018 09:20

Бишкек жана Чүйдө жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт

Бишкек жана Чүйдө жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт

Бишкек шаарында жана Чүйдүн айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

- 14-сентябрда Токмок шаарынын Больничная 44, 49, 51, 53; Набережная 104, 217, 221, 227, 241, 279; Ленин 282; Верхне-Луговая 303, 307, 309, 310, 313, 319, 327 дарегинде;

- 17-18-сентябрда Бишкек шаарынын Жибек-Жолу, Үсөнбаев, Мичурин, Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; Түштүк-Батыш район;

- 18-сентябрда саат Люксембург айылынын Киргизская, Тельман, Западная, Ваккер, Центральная, Советская, Гагарин, Токмакская, Мира, Забайкальская көчөлөрүндө газ жок болот.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.