15.05.2018 08:40

Бишкек жана Сокулуктун кээ бир райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек жана Сокулуктун кээ бир райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана Сокулук айылынын бир көчөсүндө көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу  «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу болуп, төмөнкү райондордо жүрөт:

— 15-16-майда Бишкекте Койбагаров көчөсүндөгү  №51-59 үйдө, Терский №15-31 дарегинде;

— 15-16-майда  Горький, 18-линия, Л.Толстой, Байтик Баатыр көчөлөрү кесилишкен аймакта; 

— 15-16-майда Шүкүров, Жантөшев, Карадарьинская, Ясенский көчөлөрү менен чектешкен аймакта; 

— 16-17-майда Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндө; 

—  16-17-майда Бишкекте Матыев, Верхний, Абдыкадыров, Асаналиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта жаратылыш газы жок болот.