16.10.2018 11:12

Бишкек ЖЭБи менен «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы жылуулук берип баштоого даяр

Бишкек ЖЭБи менен «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы жылуулук берип баштоого даяр

Улуттук энергохолдинг 2018-2019-жылдарга жылуулук берүү сезонунун башталышы боюнча билдирүү таратты. 

Анда Бишкек мэриясынын 2011-жылдын 20-октябрындагы №649-р «Бишкек шаарында жылуулук берүү сезонунун башталышы жана аякташынын критерийлери тууралуу» токтомуна ылайык, жылуулук берүү  +8 градустан төмөн температура 5 сутка катары менен кармалганда башталаары айтылат. 

ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, октябрь айында орточо айлык температура  +5 тен +14 C болоору күтүлүүдө. Бирок, ортодо – 1 С чейин суук болуп, айрым аймактарда үшүк жүрө турганы кабарланды. 

Мындан улам, Улуттук энергохолдинг Бишкек ЖЭБи менен «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы жылуулук берип баштоого техникалык жактан даяр экенин билдирет.  Эгер аба ырайы кескин бузулуп, катуу суук боло турган болсо, шаардыктардын үйүнө 3 күндүн ичинде жылуулук барып баштайт.  

Бишкек мэриясынан түшкөн акыркы маалыматка караганда, эртең, 17-октябрда мэриянын ыкчам штабы отурумга чогулуп, бул маселени талкуулайт.