11.06.2018 17:55

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 15-июндан тарта жанданат

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы  15-июндан тарта жанданат

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 15-июндан тарта жанданат.  Жайкы туристтик сезонго карата “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын поезд каттамынын расписаниесине “Бишкек-Балыкчы” багыты боюнча каттоочу поезд киргизилди.

Эми жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин №608 “Бишкек I-Балыкчы” жана №609 “Балыкчы-Бишкек I” поезд каттамы 2018-жылдын 15-июнунан 29-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июлдан тартып, 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.

Поезд каттамынын жүрүү ырааты төмөнкүчө:
№608 “Бишкек I-Балыкчы” каттамы 6:25те  “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетинен жөнөп, 11:20да Балыкчыга  барат.

№609 “Балыкчы-Бишкек I” поезди 17:08де Балыкчы бекетинен жөнөп, 21:56да  “Бишкек I” (Пишпек) темир жол бекетине келет.

Билет баалары:
Чоңдор үчүн: 69 сом
Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75