09.08.2018 13:40

Бишкекке Орусия менен Беларустан троллейбустар келди

Бишкекке Орусия менен Беларустан троллейбустар келди

Бишкек шаарына Орусия менен Беларустан жаңы 37 троллейбус алып келинди. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Троллейбустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган "Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу" долбоорунун алкагында сатып алынды.

37 троллейбустун он беши Беларус, 22си Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан. Троллейбус чыгарган заводдордун адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына транспортту башкаруу тууралуу кеп-кеңештерин берип, үйрөткөнү кабарланды.

Маалыматта баш калаада жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы ишке киргизиле электиги айтылат.