08.05.2018 15:02

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 4 күнгө жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 4 күнгө жабылат

14- майдан тартып, 18-майга чейин Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунун 130-300 (130,3) чакырымында таш кулатуу иштери жүргүзүлѳт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунун Боом капчыгайынын ичиндеги тилкесинде  атайын тоо-таштарын түшүрүү  иштери башталат.

Жолго жакын, тик жайгашкан тоо кыркаларын түшүрүү иштери  колго жасалат. Аталган жол тилкеси саат 9:00дөн 16:00гө чейин маал –маалы менен жабылып турат.

Автоунаалардын  топтолушуна жараша жол ачылып турат. Жол кыймылын ИИМ жана  Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат.