23.04.2018 12:18

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан күндүзү өтүүгө чектөө салынат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан күндүзү өтүүгө  чектөө салынат

2018-жылдын 23-апрелинен тартып, 4-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.  Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт:

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 23-апрелинен тартып, 4-майга чейин аталган багыт боюнча  Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан саат 9:00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат. Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Ошондой эле, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, 24-апрелден  26-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Аталган унаа жолу саат 8-00дөн тартып, 22-00 гө чейин  толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.