14.05.2018 09:06

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 18-майга чейин жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу  18-майга чейин жабылат

14- майдан тартып, 18-майга чейин Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунун Боом капчыгайындагы тилкеси жабылат. Мындай чечим аталган тилкеде таш кулатуу иштери жүрө турганына байланыштуу кабыл алынганын Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Жолго жакын, тик жайгашкан тоо кыркаларын түшүрүү иштери  колго жасалат. Аталган жол тилкеси саат 9:00дөн 16:00гө чейин маал –маалы менен жабылып турат.

Автоунаалардын  топтолушуна жараша жолду ачып туруу каралган.  Жол кыймылын ИИМ жана  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат. 

Сүрөт жана видео автору - makstour.com