14.03.2018 10:04

Бишкек-Ош жолу 3 күнгө жабылды  

  Бишкек-Ош жабылды (1 материал)

2018-жылдын 13-март күнү саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) көлөмү болжол менен 2 500 000м3 түзгөн кар көчкү түшкөн, туурасы 200 метр, узундугу 250 метр, бийиктиги 50 метр. Кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу, унаа жол толугу менен жабылган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Транспорт министрлиги жол 3 күнгө жабылганын кабарлады. 

ӨКМ  берген маалыматка караганда, саат 06:00гө карата, "Сосновка" постунда 5 жеңил унаа жана 50 оор жүк ташуучу унаалары кезекте турат, унаалардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө ысык тамак жана чай берүүчү пункту уюштурулуп, тез жардам кызматынан бир автоунаа нөөмөттө турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Арал" постунда 35 жеңил унаа жана 60 оор жүк ташуучу унаалары турат, жеринде 2 даана чатыр тигилип, темир титандар орнотулуп, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда токтоп турган унаалар жок.

Бишкек-Ош жолун тазалоого ӨКМдин  40 куткаруучусу, №23 ЖТИден  2 жүктөгүч, №30 ЖТИден  1 жүктөгүч, №9 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган.