12.10.2018 09:52

Бишкек-Ош унаа жолуна кар түшкөндүктөн, жол жүрүү кыйындады

Бишкек-Ош унаа жолуна кар түшкөндүктөн, жол жүрүү кыйындады

Бишкек-Ош унаа жолуна кар түшкөндүктөн, жол жүрүү кыйындады. Бул туурасында Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти. 

«Жол инспекторлору керек учурда сиздерге жардам көрсөтөт. Бирок, айдоочулар унааларын даярдаш керек . Унаа кыймылынын катышуучуларынан жол эрежесин, ортодогу 500 метр аралыкты сактап жана унааларына дөңгөлөктүн чынжырын ала жүрүүнү суранабыз», — дешет мекемеден.