04.04.2018 14:39

Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде 4-11-апрелде кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрөт  

Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде 4-11-апрелде кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрөт  

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-129, 198-250-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү  иштери жүрөт. Иш-чара 4-апрелден 11-апрелге чейин созулмакчы. 

Иш-чараны  ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык расчету тартылат.

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

Ошондой эле, ишке  тартип сакчылары дагы тартылып, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.