16.03.2018 10:00

Бишкек-Ош жолунда 130 миң кубометр кар көчкү тазаланды

Бишкек-Ош жолунун 144 миң кубометр кар көчкү түшкөн 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) жолду тазалоо иштери уланууда. Унаалар үчүн жол толугу менен жабык.

Учурда 11 техника тартылып, 130 миң кубометр кар көчкү тазаланды. Жеринде ӨКМдин 41 куткаруучусу, тез жардам кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат.

Эртең мененки 8:00го алынган мааалымат боюнча, жалпысынан 294 унаа (жүк ташуучу, жеңил) өтө албай турат. Түшүндүрүү иштери жүрүүдө.   

Кечээ жолдун 221,222, 226 – чакырымдарында кайра кар көчкү түштү.  

- саат 17:50де  222- чакырымында ( Шаркыратма тилкеси) 480 м3 кар көчкү түшүп, саат 19:30га чейин толук тазаланды. .

-18.30да  226 – чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 1000 м3. көчкү түшүп, жол тазаланууда.

-19.20до  221-чакырымында 1800 кубометр кар көчкү түшүп, жол тазаланууда.  

3 учурда тең жабыркагандар болгон жок.